Public domain Бул чыгарма "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук укук менен корголбойт.

6-берене. Автордук укук тарабынан корголуучу чыгармалар (автордук укуктун объектилери)
1. Автордук укук арналышына жана татыктуулугуна, ошондой эле аларды билдирүү ыкмаларына карабастан чыгармалчыл иштин натыйжасы болуп эсептелген илимий, адабият жана искусство чыгармаларына жайылтылат.
2. Чыгарма аны кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген оозеки, кат жүзүндө же башка объективдүү түрдө болууга тийиш. Кат жүзүндөгү же башкача ыкма менен материалдык алып жүрүүчү аркылуу (кол жазма, машинкага басылган, ноталык жазуу, техникалык каражаттар аркылуу жазуу, анын ичинде үн жазуу же көргөзмө жазуу, элестерди эки өлчөмдө же көлөмдүү-мейкиндик түрүндө көрсөтүү жана башкалар) берилген чыгармалар, алардын үчүнчү жактарга түшүнүктүү болгондугуна карабастан, объективдүү түргө ээ болгон деп эсептелет.
Эгерде оозеки же материалдык алып жүрүүчүдө көрсөтүлбөгөн башка чыгарма үчүнчү жактарга түшүнүктүү болсо (калк алдында сүйлөө, калк алдында аткаруу жана башкалар) ал объективдүү түргө ээ болгон деп эсептелет.
3. Автордук укук элге белгилүү болгон, ошондой эле элге белгилүү болбогон чыгармаларга да жайылтылат.
4. Автордук укук идеяларга, концепцияларга, принциптерге, тутумдарга, сунуш кылынуучу чечимдерге, табигый болуп келген көрүнүштөрдү ачууга карата жайылтылбайт.
5. Илим, адабият жана искусство чыгармаларына автордук укук аны жаратуу фактысынан кийин келип чыгат. Автордук укуктун келип чыгышы жана анын жүзөгө ашырылышы үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр-бир башка формалдуулуктарды сактоо талап кылынбайт.
6. Чыгармага автордук укук чыгармада баяндалган материалдык объектиге болгон менчик укугу менен байланышпайт.
Кандайдыр бир материалдык объектиге менчик укугун же ээлик кылуу укугун өткөрүп берүү ушул объект чагылдырылган чыгармага кандайдыр бир автордук укукту өткөрүп берүүнү билдирбейт.

8-берене. Автордук укуктун объектилери болуп эсептелбеген чыгармалар жана ошол сыяктуу иштин натыйжалары
Төмөндөгүлөр:[a]
расмий документтер (мыйзамдар, токтомдор, чечимдер жана башкалар), ошондой эле алардын расмий котормолору;
расмий символдор жана белгилер (желектер, гербдер, гимндер, ордендер, акча белгилери жана башкалар);
элдик чыгармачылыктын чыгармалары;
кадыресе басма сөз маалыматынын мүнөзүнө ээ болгон күндөлүк жаңылыктар жөнүндө маалыматтар же күндөлүк окуялар жөнүндө билдирүүлөр;
<Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту>[b]


Мыйзамдын толук тексти


Комментарий: мамлекеттер аралык жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын укук мураскери болуп саналат. Ошондуктан бул калып Кыргыз ССРинин расмий символдору дана документтери үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Көңүл буруңуз: бул калыпты автордук укук менен корголушу мүмкүн болгон расмий символдордун жана документтердин долбоорлоруна колдонууга болбойт.


  1. Сүйлөмдүн уландысы "...автордук укуктун объектилери болуп эсептелбейт" күчүн жоготкон 6-абзацта камтылган.
  2. Күчүн жоготкон абзац: "белгилүү бир нерсени өндүрүү үчүн арналган техникалык каражаттын жардамы менен, адам тарабынан чыгармачыл ишти жүзөгө ашырбастан алынган натыйжалар автордук укуктун объектилери болуп эсептелбейт".

Deutsch  English  кыргызча  македонски  русский  中文  +/−

NOTE: Please do not use this template directly! This is just for translation. Use {{PD-KG-exempt}} instead.