.bh
.bh — Бахрейн үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
| .bh | |
| | |
| Ишке кириши |
1994-жылдын 1-февралы |
|---|---|
| Тип | |
| Макамы |
колдонууда |
| Каттоочу уюм | |
| Уюштуруучу |
Бахрейндин Телекоммуникацияны жөнгө салуучу органы |
| Максаты |
Бахрейн менен байланышкан объекттер |
| Колдонулушу |
Бахрейнде кеңири колдонулат |
| Каттоодо болгон жолтоолор |
экинчи деңгээлдеги домендер 2022-жылдын май айынан[1] бери эл аралык каттоо үчүн ачык, ал эми үчүнчү деңгээлдеги домендердин аталыштары жергиликтүү жактардын катышуусун жана соода лицензияларын талап кылат |
| Түзүмү |
экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
| Документтер | |
| Талаш-тартыштарды чечүү | |
| Сайт | |
Тарыхы
түзөтүү.bh домени биринчи жолу 1994-жылы Бахрейн университетинин компьютердик борборуна тапшырылган. 1999-жылы домен Бахрейн телекоммуникациялык компаниясына өткөрүлүп берилген жана ошол убактан бери бул орган уюштуруучу бойдон калууда[2].
2002-жылы телекоммуникациялык жөнгө салуу органы түзүлгөн, 2008-жылы Бахрейндин телекоммуникация министри бул органды .bh жогорку деңгээлдеги улуттук домендин каттоочуусу катары бекиткен[3].
Экинчи деңгээлдеги домендер
түзөтүү| Экинчи деңгээлдеги домен | Багыты |
|---|---|
| .com.bh | бизнес үчүн |
| .cc.bh | бизнес үчүн |
| .biz.bh | бизнес үчүн |
| .net.bh | телекоммуникация жана IT кызмат көрсөтүүчүлөрү үчүн |
| .org.bh | уюмдар, клубдар жана кайрымдуулук уюмдары үчүн |
| .edu.bh | билим берүүчү уюмдар үчүн |
| .info.bh | маалымат берүү кызматтары үчүн |
| .med.bh | медициналык кызматтар үчүн |
| .name.bh | жеке жактар үчүн |
| .me.bh | жеке жактар үчүн |
Шарттары
түзөтүүДомендик аталыштарды каттоо Бахрейнде расмий катталган юридикалык жактар (б.а. коммерциялык жана коомдук уюмдар, ошондой эле мамлекеттик органдар) же Бахрейнде өкүлчүлүгү бар чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү. Домендик аталышты каттоо үчүн Batelco компаниясынын хостинг кызматтарын колдонуу керек.
Каттоо акысы — 15 бахрейн динары; техникалык тейлөө үчүн ай сайын акысы - 3 $ бахрейн динары[4].
Булактар
түзөтүүТышкы шилтемелер
түзөтүү- IANA сайтындагы .bh домени үчүн whois маалыматы Archived 2006-04-19 at the Wayback Machine